Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да тааныйм

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 887 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгы кандай болуп чыккан учурда да тааный турганын айтты. Ошондой эле баары ушундай көз карашта болушу керектигин, бул тынчтык үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн тарапташы аталган Мелис Аспеков тууралуу да оюн билдирди.

— Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. Айыбы болгон адам өз жазасын алышы керек. Анын менин штабыма тиешеси жок. Бул боюнча буга чейин БШКга да кайрылганбыз.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесине жубайы менен келип добуш берди.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо участогунда добуш берди (фото)

Copyright © 2017 Maral FM