Connect with us

Болотбеков өлкөдөгү социалдык маселелер качан чечилерин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2022 | 894 | 0

30 жылда биз алдыга кадам таштабай, көп учурда артка кеткен көрүнүштөр болду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакытбек Болотбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин конуштарындагы газ, канализация жана жол маселелери толук чечилбей келет. Айрыкча жаңы конуштарда жергиликтүү тургундар үчүн шарттар жокко эсе. Анан калса, пенсия, айлык, жөлөк пул өтө аз болуп, күнүмдүк жашоого жетпейт.

Бакытбек Болотбеков Кудай колдоп, эл ишенип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып калса, айтылган көйгөйлөрдү башкы орунга коюп, элдин үнүн угуп, таламын талашууга убада берди.

Аны менен катар ал аймактарды, шаардагы конуштарды өнүктүрө турган мыйзамдарды жазып, карапайым калктын көйгөйүн парламент трибунасында көтөрүп, аткаруу бийлигине жеткирип турууну максат кылат.

Бакытбек Болотбеков — №29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Бюллетендеги катары №13. 

Материал Бакытбек Болотбековдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М. Б. Арабаеванын тескөөсү менен талапкердин шайлоо фондунан каржыланды. 18-февраль, 2022-жыл.

Copyright © 2017 Maral FM