Биз менен байланышыңыз

Абакиров: 40-50 талапкер жарыштан чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2020 | 1157 | 0

Мамлекет катары элдин көз карашы толук быша элек. Анткени «бышып» калган өлкөлөрдө талапкерлердин саны ондон ашпайт. Мындай пикирин Экономика министринин мурдагы орун басары, саясатчы Элдар Абакиров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого жакын ат салышып жаткан талапкерлердин 10-15и гана калат, 40-50 талапкер жарыштан чыгат. Анткени арасында: «Менден эмнеге президент чыкпайт? Неге өзүмдү пиар кылбайм?» деген көз караш менен чыгып алгандары да бар.

«Президент боло турган адамда лидерлик сапат болушу маанилүү. Ар бир шайлоочу көз карашына төп келген талапкерди тандайт», — дейт Абакиров.

Эске салсак, БШК 15-ноябрда президенттикке талапкерлердин арыздарын кабыл алууну токтотту. Өлкөдө президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM