Биз менен байланышыңыз

«Кээ бир куудулдар айрым саясатчылардан жогору турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2020 | 605 | 0

Президенттик кызмат орунга 63 талапкердин арыз бериши — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок анын баары марага жете бербейт. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал президенттикке ат салышкандардын санынын көптүгүн саясатчылардын ички амбициясынын чоңдугу менен байланыштырды.

«Көпчүлүк саясатчылар салмагын таразалап, мүмкүнчүлүгүн байкап көрүп, атаандашып турганы жакшы. Анткени саясий атаандаштык коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Кээ бир куудулдар билим деңгээли боюнча айрым саясатчылардан жогору турат. Алар дыкаттык менен саясатчыларды чымчышат. Ошондуктан куудулдарды да көңүлгө алышыбыз кажет. Мисалы, мындай көрүнүш Украинада деле болбодубу», — дейт Бөрүбашев

Ал саясий аренага чыккандардын көпчүлүгүнө талаптар туура эмес коюлуп калганын белгиледи.

Эске салсак, БШК 15-ноябрда президенттикке талапкерлердин арыздарын кабыл алууну токтотту. Өлкөдө президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM