Биз менен байланышыңыз

БШК: Ырчы Бек Борбиевге айыппул салынды

Кыска кабар , Саясат | 1 Сен 2020 | 886 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери, ырчы Бек Борбиевге тарткан клиби үчүн айыппул салды. Мындай чечимди БШКнын жумушчу тобу кабыл алып, ыйгарым укуктуу өкүлүнө сунуш кылды.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Берадор Борбиев дупутаттыкка талапкер катары аталган партияга үгүттөгөн клип тарткан. Бул чечимди Боршайкомдун эки жумушчу тобу отурум өткөрүп, 7500 сом суммасындагы айыппул салуусун БШКнын ыйгарым укуктуу өкүлүнө сунуштады. Эми ыйгарым укуктуу өкүл ырчыны чакырып, же штабына барып мыйзамга ылайык протокол түзөт, — деп билдирди БШКнын маалымат катчысы Асел Өмүракунова.

Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» аттуу ыры клиби менен бирге социалдык тармактарда жана YouTube порталында бир жума мурун жарыяланган. Клипте кагаздан жасалган кичинекей учактын сыртынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотибин көрүүгө болот.

Андан сырткары ырдын текстинде:

Уктук убада, болдук убара,
Жададык эски турмуштан.
Жаңы жол танда, жаңы күч жанда,
Мекеним Кыргызстан, — деген саптары бар.

Бул ырды кыргыз коомчулугу үгүттөө катары кабыл алып, соц тармактарда сынга алып келаткан.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар үгүттөө ишин 4-сентябрда башташы керек. Ага чейин үгүттөө болсо, БШК мыйзам чегинде укуктук баа берип, чечим чыгарат. Анын негизинде, айыппул салып же эскертүү берет. Эгерде эскертүүлөрдү эске албаса, анда шайлоодон четтетип коюшу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM