Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн адам президент болушу керек»

Пикирлер , Шайлоо-2021 | 16 Ноя 2020 | 879 | 0

Мамлекеттик денгээлде ой жүгүрткөн, өлкөнүн көйгөйүн чече турган программасы бар адам президент болушу керек. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент боло турган адам экономикалык, саясий, юридикалык көз карашка ээ болушу кажет. Бул Конституцияда жазылбай, талапкерлерге туура эмес талаптар коюлуп калган.

«Талапкерлер кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сынак тапшырат. Ушул сыяктуу эле президенттердин программасы боюнча да атайын жумушчу топ түзүп, ачык сыноодон өтсө жакшы болмок. Келечекте ушундай болот деп ойлойм», — деди Бөрүбашев.

Эске салсак, БШК 15-ноябрда президенттикке талапкерлердин арыздарын кабыл алууну токтотту. Өлкөдө президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM