Биз менен байланышыңыз

«Мектеп директору конкурс менен тандалса, көз карандысыз болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2021 | 1375 | 0

Мамлекеттик мектепте көп жыл иштеген сабаттуу директорлор бар. Бирок көбүнчө мектеп директорлорун саясатка аралаштырып жиберишти. Эгерде алар конкурстун негизинде кызматка келсе, аз да болсо, көз карандысыз болушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мугалим менен директордун негизги милдети — билим берүү. Алар саясатка, шайлоо иштерине такыр аралашпашы керек.

«Кечээки шайлоодо директорлорду кадимкидей басынтып, кулдай иштетишти. Бул туура эмес. Ошондуктан аз да болсо, өз алдынчалык берүү максатында конкурс менен тандап, аттестациядан өтүп турушу керек. Бул — бир-эки кадам алдыга жылуу. Директор биринчиден, уюштуруучу болуп, мектепте жакшы маанай жаратып, балдарга ишеним бере алышы кажет. Аларга: «Сөзсүз билим берүү тармагында иштеши керек», — деген талап койгон туура эмес», — дейт Нурбаев.

Ал белгилегендей, директор көп тил билген, креативдүү, билим берүү жаатындагы эл аралык тажрыйба, маалыматтардан кабардар болгону жакшы. Өлкөдө мындай кадрлар бар.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште мектеп директорлорун аттестациядан өткөрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM