Биз менен байланышыңыз

Асаддын режими кулайбы? Сирияда президенттик шайлоонун мөөнөтү белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1010 | 0

Сирия парламенти президенттик шайлоонун күнүн белгиледи. Бул тууралуу «Аль-Ихбария» телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө ичиндеги добуш берүү ушул жылдын 26-майында болот. Чет өлкөдөгү сириялыктар үчүн шайлоо 20-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дөн 19:00гө чейин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагында өтөт.

Талапкерлерди каттоо 19-апрелде башталат, шайлоого катышуу үчүн арыздарды 10 күндүн ичинде тапшырса болот.

Кошумчалай кетсек, Башар Асад 2000-жылдын 17-июлунан бери Сириянын президенти болуп келет. Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы кызмат ордун жети жыл катары менен ээлей алат.

Copyright © 2017 Maral FM