Биз менен байланышыңыз

Байдендин өнөктөшү АКШнын Сирияга сокку уруу чечимин айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 636 | 0

АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Калифорниядан келген демократ Ро Ханна АКШнын Сирияга сокку урганы үчүн Жо Байденди айыптады. Бул нааразычылыгын ал 26-февралда социалдык тармакка жарыялады.

Ро Ханнанын айтымында, АКШ президенти Жо Байден мындай чечимдерди конгрессмендердин макулдугусуз кабыл албашы керек эле. Анткени Сириянын Дайр-эз-Зор провинциясында Иракка чектеш аймактарга абадан сокку урууга эч кандай себеп жок болчу.

«Бул чечим менен Жо Байден Жакынкы Чыгышта төңкөрүш жасоого буйрук берген АКШнын жетинчи президенти болду. Конгресстин макулдугусуз, «келе жаткан коркунучтан өзүн-өзү коргоо» деп эсептелбеген аскерий чабуулга президенттин санкция беришине эч кандай себеп болгон жок. Жакынкы Чыгыштан чыгып кетишибиз керек, аны курчутпашыбыз керек. Мен Дональд Трамптын тушунда да бул бүтпөс согушка каршы чыккам. Азыркы «демократ» президенттин тушунда дагы деле каршы тура берем. Биз Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөтүү үчүн эмес, согушту токтотуу үчүн аракет кылганыбыз оң», — деди Ханна.

Мындан тышкары ал АКШнын тышкы саясаты конгресстин макулдугусуз аба соккуларына эмес, дипломатияга жана мыйзамдуулукка негизделиши керектигин айтып, Байденди бул маселе боюнча эскирген маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM