Биз менен байланышыңыз

Кызыл крест комитети Сириядагы балдарды алып келүүгө жардам берет

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 553 | 0

Эл аралык Кызыл крест комитети Сириядагы жарандарды алып келүүгө жардам берет. Бул тууралуу 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) президенти Питер Мауэр менен болгон жолугушуусунда билгилүү болду.

Жолугушууда негизги басым Сириядан Кыргызстандын жарандарын, балдарды мекенине кайтаруу маселесине жасалды.

Эл аралык Кызыл крест комитетинин башчысы бул маселеде жардам көрсөтүүгө Уюмдун толук даярдыгын жана комитеттин Бишкектеги кеңсесинин кыргыз тарап менен тыгыз байланышта болоорун билдирди.

Эске салсак, 16-мартта Бишкекке Ирактагы согуштук аракеттерге катышты делген кыргызстандык жарандардын балдары мекенге кайтарылган. Алынып келген 79 бала энелеринин макулдугу менен Кыргызстанга атайын миссиянын алкагында жиберилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM