Биз менен байланышыңыз

Башар Асад президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 571 | 0

Сириянын президенти Башар Асад кийинки мөөнөткө өз талапкерлигин көрсөттү. Өлкөдө 26-майда президенттик шайлоо өтөт.

«Ал президенттик шайлоого катышкан алтынчы талапкер болду», — деп билдирди Сириянын «SANA» маалымат агенттиги.

Талапкерлерди каттоо 19-апрелде башталды. Азырынча президенттик шайлоого катышуу үчүн алты адам арыз берди, арасында Сириянын тарыхында биринчи жолу катталган аял талапкер да бар.

Шайлоого парламенттик праймеризде кеминде 35 добуш ала алган талапкерлер гана катыша алат.

Башар Асад Сирияны 2000-жылы атасы Хафиз Асад каза болгондон бери башкарып келет. Ал 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо 88,7 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Өлкөнүн конституциясына ылайык, Асад дагы бир жолу 7 жылдык мөөнөткө шайлана алат.

Copyright © 2017 Maral FM