Биз менен байланышыңыз

Леонардо Ди Каприо Жо Байденге ачык кат жолдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 1123 | 0

Америкалык киноактер Леонардо Ди Каприо Инстаграм баракчасы аркылуу АКШ президенти Жо Байденге ачык кат жолдоду.

Ал өзүнүн катында шаарларды таштандыдан арылтып, климаттык кризиске көңүл буруусун суранган. Ошондой эле Жо Байденди өлкөнү туңгуюктан сууруп чыккан, экологияга абдан көңүл бурган президент болууга чакырган.

«Сиз дүйнө жүзү боюнча күйүүчү отундун ордуна таза энергия колдонулушун талап кылышыңыз керек. Бул жумуш орундарын көбөйтүүгө, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана ошол эле учурда экономикалык жана расалык теңсиздиктерди жоюуга мүмкүндүк берет», — деди Ди Каприо.

Актер президент Байдендин «Көмүр кычкыл газынын иштетилишин азайтуу чаралары жөнүндө» Париж келишимине кошулуу чечимин колдоду.

Америкалык атактуу актер Леонардо Ди Каприо көптөн бери экология тармагында иш жүргүзүп, Америка аймагынын тазалыгы боюнча ири сунуштарды берип, демилгелерди көтөрүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM