Биз менен байланышыңыз

«Саясатка дөдөйдүн дөдөйү да барууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 943 | 0

Медиаэксперт, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде саясатка дөдөйдүн дөдөйү да келип жатканын билдирди.

Анын айтымында, саясатка жок дегенде «мен кабыл алган чечим элдин жашоосуна таасир этет» дегенди түшүнгөн адам барып, өзүнө жоопкерчилик алышы кажет. Муну түшүнбөй барып алгандар «ботко чалып» жатышат.

«Тамаша, какшык менен оюңду жеткирүү илгертен сөзмөрлүктүн ыкмасы болуп келген. Бирок муну көпчүлүк түшүнө бербейт. Мен бир да саясатчыны, саясий топту колдобойм, өзүмдүн көз карашым бар. Кыргыздар саясатчылардын командасына бөлүнүп алып, туура айтабы, туура айтпайбы, колдой беришет. Тилекке каршы, эл-жерди да ушинтип бөлүп салдык. Бир адамды толугу менен колдогончолук сокур болбоо керек. Дүйнөдө периште адам жок, баарынын артыкчылык жана кемчиликтери бар», — дейт Карыпбеков.

Ал белгилегендей, саясий фанатизмден сактануу үчүн жаран билимдүү болушу керек.

Карыпбеков саясатчылардын баарынын жакшы жактарын колдой турганын, ал эми кемчиликтерин ачык айтарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM