Биз менен байланышыңыз

«Мыкты ырчы, дарыгер деп, жетекчи кыла берген адатыбызды таштоо зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 1685 | 0

Ар бир кесипкөй адис мыкты менеджер боло албайт. Мындай пикирин медиаэксперт, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башкаруучу негизги 3 сапатка ээ болушу зарыл. Алар: юридикалык, каржылык маселелерди так билүү; чарбачылыкты өздөштүрүү; коомчулук менен тил табышуу, түшүнүү, баарына бирдей мамиле жасоо.

Менеджерлер кайсы бир деңгээлде психолог болууга тийиш.

Карыпбеков мисал катары, кесипкөй дарыгерди министр кылып дайындоо менен чоң катачылыктарга жол ачыларын белгиледи. Алсак, дарыгер мыкты операция жасаганы менен юридикалык билими тайкы болушу ыктымал. Андыктан мындай адамдар өзүнүн тармагында гана иш алып барганы жакшыраак.

Copyright © 2017 Maral FM