Биз менен байланышыңыз

«Шайлоолордо политтехнологдорго 50 миңден 400 миң долларга чейин төлөшөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 785 | 0

Шайлоолордо күчтүү партиялар Орусиядан саясий технолог жалдайт. Бул тууралуу медиаэксперт, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусиядан келген саясий технологдордун эмгек акысы — абдан кымбат. Алар жалгыз эмес, жок дегенде 2-3 адам менен келет. Мындай маалыматтар жарыяланбайт. Буга кошумча, жергиликтүү саясий технологдор да кошулат. Алардын иши — жөн гана акыл үйрөтүү эмес.

Кыргызстанда да сапаттуу саясий технологдор бар. Бирок алар коомчулукка чыкпайт. Эмгек акысы ишинин көлөмүнө жараша ар кандай болот. Бир шайлоодо 50 миңден 400 миң долларга чейин таап коюшат.

«Жакшы саясий технологдорду жалдаган 2-3 гана партия утту. Калгандары акчасы жетпегенден же каражатын аягандан да уттуруп коюшту. Саясий технологдор керек, анткени биринчи коомдук сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтык чыгарат. Тактап айтканда, кайсы аймакка жарнаманын кандай түрүн колдонуу керектигин белгилешет. Мен шайлоодо айрым саясатчыларга кеңеш, багыт берип турам», — дейт Карыпбеков.

Copyright © 2017 Maral FM