Биз менен байланышыңыз

Карыпбеков: Тоого көп чыгыңыздар

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 542 | 0

Кыргыздар тоого чыгуу маданиятын, табиятын билбейт. Мындай пикирин медиаэксперт, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тоого чыкпаган адам табият менен бириге албайт. Айылдагы тоого мал жаюу — тоо менен мамиле курууга кирбейт. Чокуну багындыргандагы толкундоо, эмоцияларды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Мындан улам тоого көп чыгуу зарыл. Тоо адамды табиятка жакындатып, жүрөгүн жана ниетин тазалайт.

Калктын 80 %ы Кыргызстандын жарымын да көрө элек. Ашып баратса, борбор калаага, Ысык-Көлгө жана туулган жерине барат.

«Ушул үч жерди көрүп алып эле «өлкө үчүн өлөм» дей бересиңби? Жок дегенде көрүп алып өл да. Патриот болом дегендер көргөнгө аракет кылышы кажет. Толкундана турган жерлерди көргөндө кызыгуу пайда болот», — деди Карыпбеков.

Copyright © 2017 Maral FM