Биз менен байланышыңыз

Телеканалдар мыйзам талаптарын аткарып башташты

Коом | 23 Янв 2020 | 680 | 0

Мыйзам чегинде телеканалдарга коюлган негизги талаптардын иштеп жатканына Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти мониторинг жүргүзүп, 7 телеканалга айыппул салды. Мыйзамсыз  бузуулар аныкталып, мыйзамсыз фильм продукцияларын көрсөтүп жаткан, коммерциялык жарнамаларды көрсөткөн телеканалдарга эскертүүлөр берилди. Департамент телерадио уюмдарга фильм продукцияларын телеканалдардын эфирлеринен трансляциялоого уруксат берүүчү документтерди көрсөтүүнү талап кылды. Коюлган талаптар көзөмөлгө алынабы, телеканалдар кандай кадамга барышы керек экендигин төмөндөгү материалдан биле аласыздар.

Кыргызстанда жалпы 55 телеканал бар, алардын ичинен саналуусу гана мыйзамда жазылган нормаларды аткарса, ал эми калган телеканалдар нормаларды дээрлик сактабай келгени мониторинг жүргүзүүнүн  жыйынтыгында маалым болду. Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин адиси Бакыт Акжолтоев телеканалдарда талаптарды аткарууга мүмкүнчүлүгү болгону менен, шарттарды аткарбай, алардын моюн толгоп жатканын билдирди:

-2019-жылы телеканалдардын пландык жана пландык эмес текшерүүлөрүн өткөрүп, анын жыйынтыгы телеканалдарга 59 жазма эскертүү берген.  Мониторингдин негизинде 7 телеканалга «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» мыйзамынын 8-беренесинин пункттары боюнча 46 миң сом өлчөмүндө айыппул салынган. 2 телеканал айыппулду төлөсө, ал эми дагы 2 телеканал салынган айыппулга макул болбой, доо арыз менен сотко кайрылды. Көпчүлүк телеканлдарда техникалык шарттар болгону менен, алар аткарылбай жатат, даяр кинону алып эле коюп жатышат.

Мыйзамга ылайык, телеканалдарга 3 норманы сактоо талабы коюлууда, биринчи норма көрсөтүүлөрдүн 50%ы кыргыз тилинде болушу керек,  50% ата мекендик өндүрүштөгү тасмаларды көрсөтүүгө уруксаты бар лицензиясы болушу керек.

«Марал 24» телерадиокомпаниясынын директору Азамат Максатов коюлган нормалар медианын бардык тармагында көзөмөлгө алынып турушу керектигин айтат. Жарнама берүүчүлөр аудитория көп болгон медиаконтентке бере тургандыгын айтып, чоң телеканалдар мыйзамды аткарганы менен өзүн актай албай жатат дейт:

-Мыйзам кабыл алынганы менен, эми гана күчүнө кирип иштеп баштады. Негизи, коюлган нормалар аткарылышы керек. Өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн бул мыйзамды аткаруу кыйынга туруп жатат. Биз чет өлкөнүн кинолорун сатып ала албайбыз, кинолорду которуп чыгарууга да чоң каражат керек. Мыйзам чегинде иш алып бара турган болсок, көп телеканалдар жабылып калышы мүмкүн. Телеканалдар продакшн даярдап, ата мекендик продукцияны сатып атат. Бул учурда маданият өкүлдөрүнө да жакшы шарт түзүлгөн болот.  

Телеканалдарын максаты — каражат табуу, уурдоо жолу менен иштеп жатышканын  Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков өз сөзүндө белгилеп өттү. Ошондой эле ал мониторинг жүргүзүүгө техникалык шарт жок болуп жатканын айтып кошумчалады:

-Мыйзамды такыр аткарбаган телеканалдар бар экен. Алардын негизги максаты — каражат табуу, кандай болбосун телеканалдар  мыйзамга баш ийиши керек. Бизде каражат жетиштүү болбой жатат, мониторинг борбору ачылса жакшы болот эле. Бирок башка жолдор менен текшерүүгө аракет кылып жатабыз. 

Анткен менен министрлик медиа тармагына шарттарды түзүп бербегенин  Медиа эксперт Илим Карыпбеков да сынга алды. Ал пираттык фильмерди коюуга тыюу салуу менен ата мекендик  өндүрүшкө көңүл бурулат дейт:

-Учурда телеканалдар,  мамлекеттен эч нерсе үмүт кылбай эле өз алдынча иштеп жатат. Мамлекет телеканалдарга коюлган мыйзамдарды аткаруусу үчүн шарт түзүп бербей жатат. Биздин медиа тармагыбыздын өнүгүүсү үчүн пираттык фильмдерди коюуга тыюу салыныш керек же көзөмөлгө алынышы керек. Муну мамлекет жөнгө салышы керек. 

Телеканалдардын пландык жана пландык эмес текшерүүлөрүн өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча телеканалдарга 59 жазма эскертүү берилген. 7 каналга 46 миң өлчөмүндө айыппул салынып, 2 телеканал департаментке доо арыз менен кайрылган. Телерадио уюмдарга телепродукцияларды телеканалдардын эфирлеринен трансляциялоого уруксат берүүчү документтерди көрсөтүү талабы коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM