Биз менен байланышыңыз

«Бир жактын кызыкчылыгы үчүн чыккан чечим». КЭДП шаардык кеңештен четтегенине нааразы

Саясат | 19 Апр 2021 | 2389 | 0

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясын (НДПК) шаардык кеңештен четтетти. Буга партиянын шайлоодо добуш сатып алганы жана мыйзам бузганы негиз болгон. Ал эми партия бул окуяны кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган чечим катары баалайт. Бишкек шаардык кеңешине өткөн башка партиялар да четтетилип калышы мүмкүнбү? 

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөн. Шаардык кеңештерге шайлоолорду парламенттик шайлоого катышууга даярдык катары баалашат. Бул жылы күрөш чоң атаандаштык жана ар кандай мыйзам бузуулар менен коштолду. Айрыкча борбор калаанын тургундары партия тандоо аркылуу мэрди шайлоого салым кошо алгандыктан, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкекте алты партия өткөн. Бирок, бүгүн 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясын (НДПК) шаардык кеңештен четтеткенин жарыялады.

Маалым болгондой, аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алууга, тактап айтканда, мыйзам бузууларга тиешеси бар деп чечим чыгарган. Азырынча териштирүү иштери жүрүүдө.

Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылат жана адилеттүү чечим чыгарууну талап кылат. Партиянын мүчөсү Илим Карыпбековдун айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган, толугу менен далилсиз, жүйөсүз жана акылга сыйбаган тандалма чечим.

«Түнү менен кабыл алынган чечим — акылга сыйбаган чечим. Ал чечим — социалдык тармактардагы таркатылган «фейк» видео, «фейк» көрсөтмөлөргө негизделип чыгарылган чечим. Эч кандай мыйзамдуу логикасы жок, адилетсиз чыгарылган чечим деп эсептейбиз. Борбордук шайлоо комиссиясы же андан башка жогорку инстанциядагы соттор адилеттүү чечим кабыл алып, биздин партияны өз ордуна коет деген ишеничтебиз. Ошол жерде мисалы бир гана чуулгандуу нерсени баса айтып жатышат, «унаанын багажнигинде толтура акча бар» деп. Ал багажникти ачып көрүшкөн, акча эмес, эч нерсе жок болчу.  Унаада отургандардын бирөөсүнөн гана 200 доллар табылган. Булар ошону эле негиз кылып, «сатып алуулар болду» деп жатышат. Эми бул «абсурд» деп ойлойбуз. Ал жердеги адамдар партиянын мүчөсү эмес, ошол эле учурда партиянын расмий үгүтчүлөрү да эмес, партияга эч кандай тиешеси жок. «Сатып алды» дегенге да эч кандай далилдер жок болчу. Экинчиден, Бишкек шаардык аймактык комиссиясы чыгарган чечим — бир гана шайлоо участкасынын жыйынтыгын жокко чыгаруу укугун берет. Ал жерде бүт партияны четтетүү укугу жок. Ошондуктан биз Бишкек шаардык аймактык комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын да чегинен ашып кеткен деп ойлойбуз». 

Мыйзам боюнча эгерде добуш сатып алуу аракеттери болсо, анда укук коргоо органдарынын корутундусунун негизинде шайлоо комиссиялары чара көрүшү шарт. БШКнын мурунку мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын бул чечимин туура деп эсептейт, анткени шайлоо көптөгөн мыйзам бузулар менен өткөн. Анын пикиринде, эми калыстык принцибин кармоо үчүн башка партиялардын да добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу аракеттерине баа бериши керек.

«Биринчи мыйзам бузуулар боюнча факты чыкканда укук коргоо органдары текшерип, өзүнүн кортундусун берди да. Мыйзам бузуулар боюнча арыз шайлоо күнү түшсө, ошол күнү дароо каралышы керек жана 3 күндөн беш күнгө чейин убакта кароо керек. 11-апрелде катталган арыздарга укук коргоо органдары 17-апрель акыркы күнү болчу акыркы кортундусун бергенге. Эми укук коргоо органдары калган башка маалыматтар, башка партиялар боюнча да өзүнүн кортундусун берсе, шайлоо комиссиясы чара көрүшү керек. Добуш сатып алуу боюнча сөз кыла турган болсок, ал Ички иштер министрлигинен көз каранды». 

Даттана турган партиялар Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин Борбордук шайлоо комиссиясына үч күндүк мөөнөттөн калбай бериши керек. Андан ары БШК арызды карагандан кийин эгерде партияларды канаатандырбаса, анда биринчи инстанциядагы сотко кайрылат. Ошентип андан ары иш Жогорку Соттун чечими менен бүтөт. Партиялар эгерде Ички иштер министрлигинин корутундусу менен макул болбосо, анда ИИМдин иш-аракетине баа берүү үчүн Башкы прокуратурага арызданса болот. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгышы күтүлүүдө.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы 10,65%  добушка ээ болуп, үчүнчү орунду ээлеген. Аталган партияны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов колдоп келгени белгилүү, партиянын негиздөөчүсү атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков эле.

Бишкек

  • «Эмгек» — 13,88%.
  • «Ак Бата» — 12,23%.
  • НДПК – 10,65%.
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 9,55%.
  • «Ынтымак» — 8,34%.
  • «Биздин эл» — 7,74%.

Copyright © 2017 Maral FM