Биз менен байланышыңыз

«Башмыйзамдын долбоорун талкуулоодо алгоритм бузулууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2020 | 644 | 0

Башмыйзамды өзгөртүү боюнча талкуу алгач эл арасында болушу керек эле. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын долбоору коомдук талкууда жок дегенде 6 ай турушу керек. Андан соң 3-6 ай эксперттик талкууга кетиши керек.

«Азыр алгоритм бузулуп жатат. Анткени алгач Конституциянын ээси — эл талкуулашы керек болчу. Легитимсиздик маселеси пайда болуп жатат, андыктан биринчи легитимдүүлүк жолунан баштоо зарыл. Тагыраагы, алгач президентти жана парламентти шайлап алган соң гана бул маселе талкууланууга тийиш. Ал эми бүгүн күчкө салуу менен болуп жаткандай таасир калтырууда», — дейт Качкынбай.

Ал эми Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жаңы Башмыйзды кабыл алуунун процедуралык нормалары, алгоритми аракеттеги Конституцияда көрсөтүлбөй калганын сындады.

Бөрүбашев белгилегендей, Башмыйзамды өзгөртүүнүн 3 жолу бар: өзгөртүү, толуктоо жана кайра карап чыгуу. Учурда кайра карап чыгуу процесси өтүүдө. Конституциялык кеңешме учурда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгынын негизинде иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM