Биз менен байланышыңыз

«Жапаров Ли Куан Юдай же Михаил Саакашвилидей болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2021 | 2270 | 0

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Маралга» берген маегинде Садыр Жапаров супер президент болгонун белгилеп, мунун артында 2 жылда кайра толкундоого алып келүү коркунучу бар экенин билдирди.

Анын айтымында, абалдан чыгып кетүү үчүн Жапаров Сингапур өлкөсүн 1959-1990-жылдары премьер-министр катары жетектеп турган Ли Куан Юдай же Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилидей болушу керек.

«Жапаров чечкиндүү болуп, «100 күндө облустарды, ушул министрликтерди жойдум» деп айтса болмок. Бирок бизде министрликтер башкаларына карап калды. Чечкиндүү кадамдарды, жарлыктарды көрө албай жатабыз. Ал ишкерди, бул ишкерди «кустуруу» менен алек, бул да токтойт. Азыр Жапаров абдан катуу иштеши керек. Бишкек-Бээжин темир жолунун пайдубалын салып, 3 жылда 100 чакырым жол бүтүп калса, үмүт болот. Болбосо чатак чыгат», — дейт Качкынбай.

Ал Конституцияны алмаштыруунун логикасы түшүнүксүз экенин, болгону төңкөрүштөргө, бийликтин бир адамдын колуна чогулуусуна өбөлгө болуп жатканын сындады.

Аманбаев: Жапаров Ли Куан Юдай боло алат

Copyright © 2017 Maral FM