Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров чек арада жаракат алган жарандардан кабар алды

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 1109 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Садыр Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурады жана алардын тезирээк сакайып кетишин тиледи. Аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 30-апрелде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учактар менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM