Биз менен байланышыңыз

Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 654 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге чың ден соолук, күч-кубат жана ийгилик каалады.

«Быйыл өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдайт. Ушул жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана элдин бакубат жашоосуна маанилүү салым кошту. Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматчылар, кесипкөй адамдар эмгектенип, жаш жана келечектүү кадрлар өсүп келе жатканы кубандырат», — деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп эсептеле турганын белгилеген.

2020-жылдын башында Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны (коргонууну, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылган мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин санын эске албаганда) 19 миң адамды түзгөн, алардын 39%дан көбү аялдарга туура келген.

Copyright © 2017 Maral FM