Биз менен байланышыңыз

«Жапаровдун ишкерлерди колдоо боюнча жарлыгы анын саясий эркин билдирет»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2021 | 2498 | 0

Бизнес-акыйкатчы институту президент Садыр Жапаровдун инвесторлорду, ишкерлерди колдоого багытталган жарлыгын кубаттайт. Мындай кадамдар сөзсүз керек, анткени бизнес оор абалда. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жарлык Жапаровдун ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жана бизнестеги жагымдуу экономикалык климатты түзүү боюнча саясий эркин билдирет.

Бизнес-акыйкатчы институту буга чейин өкмөттүн жыйындарында, бизнеске багытталган иш-чараларда сунуштарын берип келген. Президенттин жарлыгына ал сунуштар да камтылды.

Эске салсак, Жапаров ушул жылдын 30-январында «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Президент Жапаров алгачкы 5 жарлыкка кол койду

Copyright © 2017 Maral FM