Бизнес-акыйкатчы институту президент Садыр Жапаровдун инвесторлорду, ишкерлерди колдоого багытталган жарлыгын кубаттайт. Мындай кадамдар сөзсүз керек, анткени бизнес оор абалда. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жарлык Жапаровдун ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жана бизнестеги жагымдуу экономикалык климатты түзүү боюнча саясий эркин билдирет.
Бизнес-акыйкатчы институту буга чейин өкмөттүн жыйындарында, бизнеске багытталган иш-чараларда сунуштарын берип келген. Президенттин жарлыгына ал сунуштар да камтылды.
Эске салсак, Жапаров ушул жылдын 30-январында «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.