Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Жапаровдун жарым жыл убактысы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 8124 | 2

Президент Садыр Жапаровдун элдин мүдөөсүн шке ашырууда жарым жыл убактысы бар. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жапаров президенттикке талапкерлигин койгон кезде көп убада берген. Андыктан коом тарабынан талап аябагандай күчтүү болот. Ага утурлай өлкөдө жакырчылык, жумушсуздук өсүүдө. Эл аралык уюмдардан дээрлик акча берилген жок, пандемия күч алууда. Мындай абалда реформа жасоо, мамлекетти өнүктүрүү, убадаларды аткаруу мүмкүн эмес.

«Жарым жылда маселелерди чечүүгө үмүт берсе, сездирсе жакшы. Болбосо, кайрадан революцияга баратабыз. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун учурундагы оор экономикалык абал, бийликке нааразычылык калып калды», — дейт Жээнбеков.

2 пикир

2 пикир

  1. Койчуман.

    14.04.2021 09:27

    Жарым жыл,бир жыл,он жыл,деп күтө берип чарчайбыз,даагы 30-жыл.

    • шерик

      14.04.2021 22:18

      Жеенбеков деа жаганда кайсынысы экенин темада жазгыла ла, кууланбай, ошого окшошпой

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM