Биз менен байланышыңыз

Үмөталиев: Брежневди мисал кылып айтуу — саясий чоң ката

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 799 | 0

«Президент Садыр Жапаровдун Брежнев тууралуу айтканы, анын сөздөрүн даярдаган жардамчылардын чоң катасы». Мындай пикирин  коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралдын» «5+1» телеберүүсүндөгү талкууда айтты.

«Брежнев СССР жетекчилеринин арасынан эң көп сындалган инсандардын бири. Ал өзү башкарып турган учурда эле коммунисттер арасында Брежнев тууралуу бир катар шакабалар бар болчу. Так ошол кишинин башкаруу учурунда экономикалык «застой» болгон. Аны Орусиянын жарандары да көп сындашат. Орустар биздин өлкө башчынын бул айтканын укса, шылдың кылса керек. Брежневди мисал катары колдонуу да — саясий чоң ката», — деп билдирди Үмөталиев.

Үмөталиев кошумчалап өткөндөй, Брежневдин саясатчы катары аны кумир тутуп, даңазалай турган эч нерсеси жок.

Жапаров: Бала чагымда Брежневдей болом дечүмүн

Copyright © 2017 Maral FM