Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бала чагымда Брежневдей болом дечүмүн

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 706 | 0

Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстанга жасай турган визитинин алдында «Казинформбюро» басылмасына көлөмдүү маек берди.

Маектин жүрүшүндө журналист: «Сиз мындан жарым жыл мурун президент болом деп кыялдандыңыз беле?» — деген суроо узатты. Жапаров буга: «Мен 4-5-класста окуган кезде, чоң энем Жогорку Советтин депутаты болчу. Ал Москвага съездге катышуу үчүн жыл сайын жөнөп калар эле. Биз чоң атам менен телевизордон дайыма ошол кездеги өлкө жетекчиси Брежневдин сүйлөгөнүн көрчүбүз. Ошондо балалык сезим менен Брежневдей эл башкаруучу болом деп кыялданчумун», — деп жооп берген.

Ал кийин 2005-жылы депутат болгонун, ошондон бери ар дайым коррупция менен күрөшүп келе жатканын да айтып өткөн.

Президент: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM