Биз менен байланышыңыз

Аманбаев: Жапаров Ли Куан Юдай боло алат

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2020 | 1863 | 2

Экономиканы көтөрүү, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жоопкерчиликтүү бийлик керек. Башкача айтканда, президенттик же классикалык парламенттик башкаруу зарыл. Мындай пикирин Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал өлкө тарыхында соңку он жылда 9 жолу өкмөт башчы алмашканын эске салып, эч ким жоопкерчилик албаганын сындады.

Аманбаевдин пикиринде, көйгөйдүн баары — Башмыйзамда. Ошондуктан Конституцияны, мамлекеттик системаны өзгөртүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул маселеде жаштар, интеллигенция өкүлдөрү мамлекеттин кызыкчылыгы менен иш алып барууга тийиш.

«Садыр Жапаровдун максаты: жоопкерчиликтүү бийлик системасын түзүү. Мисалы, 1959-жылы Сингапурда Ли Куан Ю бийликке келип: «Өлкөнү өнүккөн мамлекетке айлантам», — деп башкалардан өзгөчө ойлонгон. Ал кыялын ишке ашырды. Ошондуктан «Кыргызстанды түп орду менен өзгөртөбүз», — деген максатыбыз бар. Бул ишке ашат. Анткени Кыргыз Республикасы мурдагы Сингапурдан жогорку деңгээлде», — деди Аманбаев.

Ал Жапаров башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөнүн эске салып, Сингапур өлкөсүн 1959-1990-жылдары премьер-министр катары жетектеп турган Ли Куан Юдай боло аларына ишеним артты.

Ошондой эле, Жапаров он жылда чечилбеген маселелерди он күндө чечкенин кошумчалады.

2 пикир

2 пикир

  1. Асан.

    21.11.2020 19:28

    Жапаров С.,Ли Куан Ю дай боло албайт,билими жетпейт.С.Жапаровдун бир дагы ийгиликтуу ишин билбейбиз ал куру дымагынан,популистик чакырыктардан башка артында айта турган эчнерсеси жок.

  2. Майдагуль

    22.11.2020 09:20

    Кудайым ай ушундай эле болсунчу онуголучу Сингапурдай болуп ыйлагым келип атат айабай кыйналып кеттим!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM