Биз менен байланышыңыз

«Мамкызматкерлердин айлыгын көтөрүү маселеси планда жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2020 | 785 | 0

Өкмөттүн планында мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү маселеси жок. Бул тууралуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Экономиканын абалы коомчулукка белгилүү. Өкмөттүн планында мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү маселеси жок. Муну ачык айтуу керек. Биз көтөрсөк, дарыгерлердин, мугалимдердин маянасын көтөрүүгө аракет кылабыз. ал эми башка чиновниктердин айлыгын көтөрүү ниетибиз жок. Бирок реформалоодон кийин экономика өнүгүп, чакан ишканалар иштеп кеткенде, сөзсүз түрдө мамкызматкерлердин айлыктары көтөрүлүшү керек», — деди Аманбаев.

Ал экономика өнүгүшү үчүн жоопкерчиликтүү бийлик керектигин белгиледи.

Аманбаев: Маморгандардын ишин оптимизациялоо 2 этаптан турат

 

Copyright © 2017 Maral FM