Биз менен байланышыңыз

Аманбаев: Маморгандардын ишин оптимизациялоо 2 этаптан турат

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2020 | 772 | 0

Ар бир мамлекеттик орган эки жуманын ичинде түзүмдүк жана милдеттик анализ жасап, мекемени оптимизациялоо жана реформалоо боюнча сунуштарын иштеп чыгат. Бул аралыкта бардык тармактар боюнча жумушчу топ түзүлөт. Анткени айрым кызматкерлер олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу сунуштарды бербей коюшу ыктымал. Бул тууралуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Сунуштарды көз карандысыз жумушчу топ талкуулайт. Азыр көз карандысыз эксперттерди чакырып жатабыз. Аларды топтоп, ар бир тармак боюнча жумушчу топ түзөбүз. Чогуу бирдиктүү долбоорду иштеп чыгып, ишке ашырабыз», — деди Аманбаев.

Эске салсак, 17-ноябрда бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана реформалоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отуруму өткөн. Анда маморгандардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM