Биз менен байланышыңыз

Аманбаев: Энергетика министрлигин түзүү планыбызда бар

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2020 | 736 | 0

Энергетика министрлигин түзүү планыбызда бар. Бул тууралуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан келечекте электр энергиясын өндүрүү менен таанылат. Буга мүмкүнчүлүк бар жана аталган тармакка өзгөчө көңүл бурулат.

Аманбаев мурдагы бийликтин бир катар аракеттерин сынга алды. Анын пикиринде, дүйнө коомчулугу көмүр колдонуудан качып жатса, мурдагы бийлик Кытайдан карыз алып ЖЭБди курган. Бул туура эмес кадам болгон. Каражат электр станцияларына жумшалышы зарыл болчу.

Copyright © 2017 Maral FM