Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Энергетикадагы 95% мүмкүнчүлүк колдонулбай турат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 мая 2021 | 1060 | 0

Кыргызстан энергетика жана туризм тармагындагы мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай жатат. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бизде энергетикадагы 95% потенциал колдонулбай жатат. Анын бирден бир себеби — тариф. Мамлекеттин бул багытка сала турган каражаты жок, ал эми инвестор азыркы таптагы тариф менен чыгымын актата албай калуудан коркот.

«Биздеги тариф — Борбор Азиядагы эң арзан тариф. Ошондон улам энергетикага инвестор келбей жатат. Болбосо, бизде бүт эле дайра менен суулар. Ошолордун баарына чакан ГЭСтерди курсак болот болчу. Европада киши аттап өткөн арыкка да ГЭС коюп коет, бизде ат менен кечип өтө албай турган сайлар ГЭСи жок турат. Ошондон улам тарифтерди кымбаттатуу саясаты келип чыкты», — дейт ал.

Мамлекетке жакшы пайда алып келет деген экинчи тармак — туризм. Бул — Ысык-Көл эле эмес, тоолорубуз да. Учурда бул тармактын 7-8% потенциалы гана пайдаланылууда. Шыкмаматовдун айтымында, туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн алардын коопсуздугуна кепилдик берген мыйзамдар жана жакшы инфраструктура жетишпейт.

Copyright © 2017 Maral FM