Биз менен байланышыңыз

«КАМАЗдын» унааларын Кыргызстанда кураштыруу талкууланды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 763 | 0

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов «КАМАЗ» компаниясынын автомобилдерди сатуу боюнча башкы директорунун орун басары жана Орто Азия аймагынын директору Любовь Тюрина менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 26-апрелде Татарстандын Казань шаарында өткөн татар-кыргыз бизнес-форумунда жетишилген келишимдердин алкагында «Техник» жоопкерчилиги чектелген коому жана «КАМАЗ» компаниялары «КАМАЗ» акционердик коомунун жүк ташуучу унааларын кураштыруу жаатында биргелешип кызматташуу келишимине жетишилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө автотранспорт каражатын Кыргызстандын аймагында кураштырууну уюштуруу маселеси талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM