Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо штабын Шыкмаматов жетектейт

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 7956 | 0

Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койсо, Нарын облусундагы шайлоо штабын экс-депутат, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов жетектейт. Бул тууралуу Жапаровдун борбордук штабынан билдиришти.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров ноябрдын ортолорунда кызматын тапшырып, президенттик шайлоого талапкер катары бара турганын билдирген.

Алмамбет Шыкмаматов 4- октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясын жетектеген.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

 

Copyright © 2017 Maral FM