Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун шайлоого барышы саясий туруктуулукту бузабы?

Саясат | 27 Окт 2020 | 710 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы, Садыр Жапаров Кочкор районуна болгон иш сапарында эл менен жолугушууда декабрда кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Жапаров кызматын тапшырса, анын милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып калары айтылууда. Бирок коомчулукта «кыргызды кыргыз тилин билбеген бирөө башкарабы» деген нааразы пикирлер айтылып жатат. Деген менен Улуттук тил комиссиясын саясий кызматтар үчүн тил билүү талап кылынбай турганын билдирди. Жапаровдун президенттик шайлоого аттанышына саясатчылар, укук коргоочулар кандай баа берүүдө?


Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого аттанса, анын милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарат. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» билдирди.

Бөрүбашев Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылыктан кетиши керектигин эскертти.

— Парламенттин төрагасы президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартты. Мыйзамга ылайык, Садыр Жапаров премьер-министр кызматын да тапшырышы керек. Ал эми өкмөт башчынын милдетин жана президенттин ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып калат. Мыйзам буга жол берет. Анткени парламенттин төрагасы президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруудан баш тарткан. 

Бирок коомчулукта «Новиков кыргыз тилин билбей туруп, кантип өлкөнү башкарат» деген сын пикирлер арбый түштү.

Деген менен Улуттук тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу саясий кызматтар үчүн кыргыз тилин билүү талабы жок экенин маалымдады. Анын айтымында, аткаруудагы окуу ченемдик актылар боюнча мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин B2 деңгээлинде билүүгө милдеттүү. Бирок бул мыйзам саясий кызмат орундары үчүн каралбайт.

— Мамлекеттик тилди билүү боюнча саясий кызмат орундарын жөнгө салган мыйзам жок. Мыйзамга ылайык, аким, айыл өкмөт башчылар жана мэрлек кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Өлкө башчы да тилди билүүгө милдеттүү. Ал эми парзиденттин милдетин аткаруучулар тууралуу ченем жок. Эми укуктук коллегия болушу мүмкүн, юристтер менен кеңешип мындан да чыгууга мүмкүн болсо керек. Ошондой эле, премьер-министр, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү боюнча да ченем каралган эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча иш-чаралардын графигин бекитип, президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда бүтөрүн жарыялады.

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Жапаров премьер-министрлик кызматтан кетпей туруп деле президенттик шайлоого катыша аларын айтат. Ал үчүн Жапаров 15-ноябрга чейин мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын тапшырып бериши керектигин белгиледи.

— Президенттик шайлоого аттануу Жапаровдун толук кандуу укугу. Болгону президенттин милдетин аткаруучу кызматынын баш тартышы керек. Ал эми премьер-министр катары президенттик шайлоого катыша алат. Эгерде президенттиктен да, өкмөт башчылыктан да баш тартып койсо, анда өлкөдө бийлик жок болуп калат. Президенттик оруну вакансия болуп турса да эч нерсе болбойт. Анткени мамлекетте парламент, өкмөт башчы, сот бийлиги бар. 2010-жылы президенти жок 4 ай жүргөнбүз. 

Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова бир топ юристтер Жапаровдун президенттик шайлоого катышууга укугу чектелүү экенин айтканын биз менен бөлүштү. Ал Жапаров баш болуп мыйзамды бузса, өлкөдө башаламандыктарга жол ачыларын, мунун баары тышкы саясатка олутту таасир этерин эскертти.

Ошурахунованын пикиринде, учурда өлкөдө бийлик жок, баары убактылуу милдет аткаруучу болуп саналат.

— Аябай опурталдуу, мыйзамсыз чечимдер кабыл алынып жатат. Эгерде мунун баары токтотулуп, кайрадан мыйзамдуулукка келбесек, булар мыйзам артынан мыйзам бузуп кетип бара жатышат. Кар топко окшоп чоңоюп баратат. Мындай болбойт. Мунун баарын «легитимсиз» деп айтып, тааынбай коюшат. Парламенттик шайлоону 20-октябрда өткөрүп, ЖКны шайлап, баарын мыйзам нугуна алып келүү керек эле. Булар ага макул болбой, кайра-кайра мыйзам бузуп жатышат. 

Белгилей кетсек, ушу тапта Жогорку Кеңеш төрагалыгын Канат Исаев, ал эми биринчи вице-премьерликти Артем Новиков аркалоодо.

Copyright © 2017 Maral FM