Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов мамлекеттик ишканаларга карата көрүлүшү керек болгон чараларды атады (тизме)

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 1167 | 0

Бүгүн, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда чыгып сүйлөгөн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов ишкерлерди диалог кылууга чакырды.

Шыкмаматов белгилегендей, бийликтин негизги милдети ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө бизнес тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Финполиция жоюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин алты беренеси алынып салынганына карабастан, текшерүүлөр азайган жок. Көзөмөлдөөчү органдар дагы деле бизнести үстөккө-босток текшерүүсүн токтото элек.

Ошондой эле ал жакынкы мезгилде мамлекеттик ишканаларга карата көрүлүшү керек болгон чараларды атады:

  1. Натыйжасыз иштеп жаткан стратегиялык эмес ишканаларды жоюу же менчиктештирүү;
  2. Республикалык бюджеттен каржыланган ишканаларды мамлекеттик мекемелерге трансформациялоо;
  3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн ишканаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү, консолидациялоо жана корпорациялоо жолу менен калгандарын кайра уюштуруу;
  4. Акционердик коомдорго жана мамлекеттин катышуусу бар жоопкерчилиги чектелген коомдорго карата мамлекеттин башкаруу тутумдагы олуттуу потенциалды жана резервдерди эске алуу менен инвестицияларды өркүндөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
  5. Ишкерлердин мамлекеттик менчикке негизделген коммерциялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш алып баруу;
  6. Биргелешкен ишканаларды ачуу жана биргелешкен ижарага берүү жана башка ушул сыяктуу иштерди алып баруу.

Шыкмаматов ошондой эле министрликтин астында 250 инвестициялык бизнес долбоор бар экендигин айтып, алардын 50сүн приаритеттүү деп эсептей тургандыгын белгилеп, алардын ичинен беш долбоор менен тааныштырды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM