Биз менен байланышыңыз

Жаңы министр энергетикадагы жоготууларды ордуна коё алабы?

Экономика | 7 Окт 2022 | 906 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы дайындалган энергетика министри Таалайбек Ибраевди министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине тааныштырып жатып, мекеменин алдыдагы кыш мезгилиндеги жоопкерчилиги чоң экенин, бул тармакта өндүрүлгөн электр энергиясынан эбегейсиз өлчөмдөгү киловаттар дагы деле дайынсыз жоголуп жатканын айткан.

Буга чейин журналисттер энергетикадагы коррупция тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жасаган. Анда тармактын кызматкерлери электр энергиясына болгон дүмүрчөктү бир киловатт колдонбогон абоненттерге жазып жүргөнүн таап чыгышкан. Бирок ага карабай жоготуулардын көлөмү дагы деле жогору.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев бул тармак эң коррупциялашкан сектор экенин, бүгүнкү күндө кризиске кептелип калганын айтат. Ал өндүрүлгөн электр энергиянын 12-14%ы жоготууга учураса, анын 3-4%ы коммерциялык жоготуу деп билдирди.

«Коммерциялык жоготуу деген эмне? Бул – ошол уурулук. Бул жерде түздөн түз коррупция бар. Мисалы, иштеп жаткан ишканалар короткон электр энергиясын иштебей жаткан ишканаларга жазып коёт, ал эми берки ишкананын эсептегичин, мисалы, 21 миң сом коротулса, 7 миң сомдук кылып артка айландырат да, 7 миң сомун өзү алып, калганын ошол ишкананын өзүнө берет».

Умбеталиев бул схеманы арам акчаны адалдоо катары баалай турганын кошумчалады.

Ал эми «Энергохолдинг» улуттук компаниясынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Чоробай Акунов жоготуулардын көбү техникалык жетишсиздиктен улам болуп келгенин билдирип, муну жөнгө салуу үчүн толук техникалык кароодон өткөрүү керектигин айтат.

«Физикалык мыйзам боюнча жоготуу боло берет. Электр жабдууларынын эскириши да бул жоготуунун көлөмүн көбөйтөт. Азыр модернизация кылбаса, техникалык жоготуу көбөйө берет. Анан, мурдагыдай эмес, бирок аз да болсо бар баягы ток уурдагандар».

Бул көйгөй четте калбай, Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Анда депутат Айсара Абдибаева жаңы дайындалган энергетика министри Таалайбек Ибраевге суроо узатып, жоготуулардын көлөмү канчага кыскарарына кызыкты.

Ага Ибраев техникалык жоготууну кыскартуу иштери жүрүп жатканын, коммерциялык жоготууну жок кылууга мүмкүн эмес экенин билдирди.

«Бул нөлгө такыр түшпөйт. Билесиңер, техникалык жоготуу — физикалык мыйзам. Андан башка коммерциялык жоготуу да бар, өзүңөр билесиңер, бул – уурулук. Бүгүнкү күндө 110-220-500 кВттык көмөк чордондорунун линиясында буга чейин документ боюнча 5,5% болсо, азыр 4,9%. Бул модернизациялоо жолу менен азайтылган».

Ибраев кошумчалагандай, жакын арада акылдуу эсептегичтерди орнотуу улантылат жана энергетикалык жабдуулар жаңыланат.

Министр электр энергиясындагы жоготууну 11%дан 3%га чейин кыскартууну убада кылды.

Энергетика тармагындагы дагы бир эксперт Эрнест Карыбеков бул тармакка таза жетекчи келсе, реформалоо кыйынга турбасын айтат. Ал бул көйгөйдөн эки кадам аркылуу кутулуу жолу бар экенин белгиледи.

«Маселени чечүүнүн жолу мындай: биринчи кадам, техникалык автоматташтыруу жолу, муну алып кирип койсоң, канча чыгып жатат, канча кирип жатат, баары билинет. Экинчиси, эгер жетекчи таза иштейм десе, каржылык жана техникалык аудитти киргизүү керек».

Бирок Карыбеков белгилеген көйгөйдү чечүүдө жетекчинин олуттуу кадамдарга баруусуна коомдо ишенбөөчүлүк бар. Айрымдар анын таржымалы күмөндүү экенин айтышат.

Жаңы дайындалган министр Ибраевдин мурда бул тармакта коррупциялык схема түзүүгө айыпталган Алексей Ширшов менен байланышы бар экенин жазып чыгышкан. Аны министр өзү да тастыктап, мурда чогуу иштешкенин мойнуна алган.

Алексей Ширшов энергетика тармагына түзгөн коррупциялык сехмаларынын ичинде «өлүү жандар» деген схема да бар экени айтылып келет. Анда иштебеген ишкана жана эч бир жан жашабаган үйлөргө электр энергиясын иштеткени тууралуу дүмүрчөктөр келип турган.

Бул боюнча Садыр Жапаров да буга чейин Коопсуздук Кеңешинде «өлүү жандар» тууралуу маселе көтөрүп, Башкы прокуратурага тапшырма берген.

Copyright © 2017 Maral FM