Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө «Мен көчмөнмүн» туристтик көргөзмө-жарманкеси башталды

Кыска кабар | 15 мая 2021 | 853 | 0

Бүгүн, 15-майда, «Мен көчмөнмүн» деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык «ITF-2021» туристтик көргөзмө-жарманкеси башталды. Аталган иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты.Бул саамалыктын мааниси жыл сайын артып жатканын, кошуна өлкөлөрдөн да кызыккандар арбып баратканын белгиледи. Ошондой эле туризм өлкөдөгү артыкчылыктуу тармактардын бири экенин белгиледи.

«Мамлекеттин негизги максаты – туристтик индустриядагы ишканалардын жана уюмдардын иш алып баруусуна жагымдуу шарттарды түзүү. Аталган тармакта ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү камсыз кыла турган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды түзүп чыгуу, кооз жаратылышка бай болгон өлкөбүздү туристтер үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу болуп саналат”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы экономиканын реалдуу сектору катары туризмди жигердүү өнүктүрүү үчүн эл аралык туристтик рынокто кыргызстандык туристтик продукттарды таанытууга багытталган иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын кошумчалады.

Бүгүнкү жарманкеде Кыргыз Республикасынын туризминин бир нече түрлөрү: экологиялык, ден соолукту чыңдоо, маданий-билим алуу, айыл-чарба туризми, жайлоо туризми, экстремалдык-окуялык туризм сындуу туризм тармагынын түрлөрү сунушталат. Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан мындан ары дагы бардык күч-аракеттер жумшала тургандыгын баса белгилеп өткүм келет”, — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунан башталган «ITF-2021» эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт — «Issyk-Kul» көргөзмө-жарманкеси, «Кыргызстан — туризмдин өлкөсү» туристтик форуму, Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары.

Copyright © 2017 Maral FM