Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Сабактар таңкы саат 07:30да баштала турган мектептердин тизмеси

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 825 | 0

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-сентябрдан тарта 44 мектепте сабак саат 7:30да башталат. Учурда 14 мектепте сабактар саат 7:30да башталат. Алар №69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.

Жаңы окуу жылында төмөнкү 30 мектепте да сабактар таңкы 7:30да башталат:

№6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, ЛШГ №1.

26-июлда жарыяланган токтомго ылайык, мектептерде сабактарды саат 08:00дөн эрте баштоого уруксат берилген.

Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектепте 198 миң 129 бала окуйт, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 миң 893 окуучуга туура келет.

198 миң 129 окуучунун ичинен 90 миң 599 бала кичиучастоктордон тышкары билим алышат, 7 миң 842 бала Чүй облусунун жакынкы райондорунан Бишкек шаарына окууга келишет.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 миң 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары (36 жогорку, 77 орто кесиптик билим берүү мекемелери жана 16 кесиптик лицей) бар.

Ошентип, иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42%ы же 44 мектеп эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт.

Мындан тышкары, жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын эскертет, эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт.

Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10:00дөн эрте башталбайт.

Copyright © 2017 Maral FM