Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө гепатитке каршы күрөшүү боюнча акция жүрүүдө

Ден соолук , Коом | 27 Июл 2024 | 1464 | 0

Кыргызстанда гепатит ооруларына каршы күрөшүү боюнча 10 күндүк жүрүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, иш-чара 28-июль — Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда жана анын алкагында өлкөнүн бардык аймагында элдин аталган оору тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

«Учурда Кыргызстанда гепаттиттин калк арасында таралуу масштабына баа берүүгө жана жуктуруунун негизги тобокелдиктерин аныктоо максатында серологиялык изилдөө жүргүзүлүүдө. Ал үчүн 6 миңден ашык үй-чарбасы тандалып алынган, ошондой эле изилдөөгө 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогорку курактагы чоңдор катышып жатат».

Ошондой эле ал 2024-жылга өлкөдө оорунун алдын алуунун алкагында 100 млн сомго экспресс-тесттер, вакцина, тест-системалар жана дары-дармектер сатып алынганын кошумчалады.

Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Динагүл Оторбаева быйылкы жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан боюнча курч вирустук гепатиттердин 6 миң 152 учуру катталганын билдирди.

Анын айтымында, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4 эсе көп, былтыркы жылдын 6 айында оорунун 1 миң 785 учуру катталган.

«Вирустук гепатит оорусуна кабылган жалпы 6 миң 152 адамдын 6 миң 44тү илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Бул былтыркы катталган 1 миң 630 учурга караганда 3,6 эсеге көп. Оорунун А түрүнө кабылгандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар (98 пайыз) арасында катталган. Аймактар боюнча алганда оорунун жогорку көрсөткүчү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусуна туура келет».

Белгилей кетсек, гепатит – бул кан аркылуу жугуучу оору жана Кыргызстанда аталган ооруга каршы вакцияналар жана ооруну аныктоо үчүн бардык анализдер жана дарылоо акысыз болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM