Биз менен байланышыңыз

Экинчи толкун коркунучуна карабастан Греция 29 өлкөнүн туристтерине эшигин ачты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 743 | 0

Греция 15-июндан тарта өлкөгө туристтердин келишинен үмүт кылууда. Мамлекеттин экономикасы коронавируска каршы күрөшүү масатында киргизилген чектөөлөрдөн соң, кескин начарлаган.

Афина Ички дүң өндүрүмдүн 20 пайыздан ашыгын түзгөн туризм тармагы аркылуу экономиканы калыбына келтирүүгө ниеттенип турат. 2019-жылы өлкөгө 33 миллиондой турист келип, алардан 18,2 миллиард евро көлөмүндө киреше түшкөн. Быйыл жыл башында эле чектөө киргизилгендиктен өлкө экономикасы бир топ жабыркаган. Туризм өкүлдөрүнүн айтымына караганда, коронавирустун жаңы толкуну чыгып кетүү корокунучуна карабастан туризм тармагын жандандыруудан башка жол жок.

29-май күнү Грециянын туризм министрлиги 15-июндан тарта саякатчыларды жөнөтүүгө мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Тизмеде 29 мамлекет бар, алар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдарды эсепке алуу менен түзүлгөн.

Тизмеде: Албания, Австралия, Австрия, Түндүк Македония, Болгария, Германия, Дания, Швейцария, Эстония, Япония, Израил, Кытай, Хорватия, Кипр, Латвия, Ливан, Литва, Мальта, Черногория, Жаңы Зеландия, Норвегия, Түштүк Корея, Венгрия, Румыния, Сербия, Словакия, Словения, Чехия, Финляндия мамлекеттери бар

Туризм министри Харис Теохарис аталган өлкөлөр эч кандай карантинсиз жана коронавируска каршы тест тапшырбастан эле Грецияга кирүүгө мүмкүн экендигин билдирди.

Кийинчерээк, 1-июндан тарта бул тизменин жаңыланышы күтүлүүдө. Министрдин айтымында, туристтер келип, кокус коронавирусту жуктуруп алган жагдай болуп кала турган болсо, аларды кабыл алуу үчүн атайын жайлар даярдалган.

Соңку маалыматтарга ылайык, Грецияда коронавирусту жуктурган 3068 адам катталып, алардын ичинен 183ү каза болгон.

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM