Биз менен байланышыңыз

Улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басарлары дайындалды

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 1042 | 0

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.

Өнөр тармагы боюнча жетекчинин орун басары болуп төкмө акын Кубат Тукешов, чарба иштери жана уюштуруучулук багытында театрдын мурдагы юристи Марс Бердикулов дайындалды.

15-июлда улуттук «Манас» театрынын жетекчиси болуп иштеген Азиз Биймырза уулу жана орун басарлары кызматынан бошотулган. 24-июлда театрга Нурбек Талантбеков жетекчи болуп дайындалган.

Аталган театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген.

Президенттин ушул жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM