Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков көз жумду

Кыска кабар | 7 Сен 2024 | 236 | 0

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 6-сентябрда 76 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, “Даңк” медалынын ээсиБекбосун Жайчыбеков узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Маркумду узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Жайчыбеков Карабекович 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында туулган.

Сүрөтчү, КРдин мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1991).

2007-жылы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. «Даңк» медалынын ээси. 

Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982).

«Мектеп» (1983–89), «Кыргызстан» (1996–97), «Адабият» (1989–92), «Шам» (2005–07), «Кут аалам» (2007–10) басмаларында улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген.

Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү.

Түркмөнстан, Беларусия, Казакстан, АКШ, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон.

Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.

Copyright © 2017 Maral FM