Биз менен байланышыңыз

«Акаевдин макамы кайтарылса, башка ажолор да кайрыла баштайт»

Саясат | 6 Сен 2024 | 425 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке жиберген каты коомчулукта кызуу талкуу болуп жаткан чагы.

Анын жазган арызы боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берди. Анда ал бул маселе Жогорку Кеңештин эркине жараша деп билдирген. Ал эми айрым депутаттар Акаевге экс макамын берүүгө каршы экендигин айтышууда. Саясат талдоочулар эгер Аскар Акаевге экс макамын берсе, анда башка президенттер да кайрыларын айтышууда. Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл алуусу мүмкүн? Экс макамын берүү саясий-коомдук абалга кандай таасирин тийгизет?

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кат жибергени 5-сентябрда маалым болгон.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Чолпон Султанбекова:

«Катты эрте менен эле алдым. Сессия башталып калгандыктан жакшыраак карай да элекмин. Эми мен аны фракцияларга таратып берем. Фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе күн тартибине чыгабы же чыкпайбы анан белгилүү болот. Балким күн тартибине чыкпашы да мүмкүн. Азырынча бир нерсе деп айтууга эрте» , — деп билдирген.

Ал арада президент Садыр Жапаров Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүүнү өтүнгөнү жөнүндө комментарий берди.

Ал ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу экенин айтты.

Акаевге экс-президент макамын кайтарып-кайтарбоону Жогорку Кеңеш чечерин кошумчалады.

«Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети» , — деди президент.

Эгер Аскар Акаевге макамы кайтарылса башка президенттер да экс-президент макамын кайтарууну талап кылышпайбы деген суроого, Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турарын айтты.

«Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес. Албетте Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек.

Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм. Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да. Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт.

Аскар Акаев 80 жашка чыкты. Өсөрү калган жок, өлөрү калды дейт эмеспи. Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн эркин жүрбөйбү» , — деди Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Акаевге экс-президент макамын берүүгө каршы экендигин айтты.

“Жогорку Кеңешке кайрылуу болуптур, тиешелүү комитеттер карайт. Жеке менин оюм, Аскар Акаев келсе артынан Бакиев келет, Атамбаев келет экс-макамды сурайт. Ошондуктан алардын баарынын бизге кереги жок, сөз көп болот, ызы-чуу болот. Кеткен президенттер Кыргызстанга келбей эле, ошол кеткен жагында эле жүрсө деген ойдомун. Ар биринин күнөөсү бар, ар бири жөн кеткен жок. Кандайдыр бир себеп менен кетти”.

Бешинчи чакырылыштын депутаты Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, президент Садыр Жапаров Аскар Акаевдин макамын кайтаруу боюнча жазган арызына пикирин билдирүү менен Жогорку Кеңешке кайтарып берсеңер боло берет дегендей түр билгизди.

«Биринчиден, Садыр Жапаровдун ушул маселе боюнча берген жообу мени таң калтырды да. «Аскар Акаевичтин мезгилинде эч бир өлүм болгон жок» деп. Кантип эле болгон жок, Аксы окуясын унутуп калдыңарбы деген бирөө жок. Ал чоң трагедия болгон да. Экинчиден, бул маселени иликтеш керек. 2005-жылы төңөрүштө Акаев качып кеткенде 25ке жакын киши Улуттук госпиталга түшкөн. Алардын көпчүлүгү каза болгон деген маалымат бар. Алардын жакындарына чоң суммадагы каражат бөлүнгөн деп айтышат. Акаевдин тушунда “Кумтөр” болуп туруп, 17 миллиарддан ашыра алган эмес өлкө бюджетин. ПЕСАК программасын киргизип, биздин өнөр жайларды талкалаган. Миллиондогон кыргызстандыктар тентип, үй-бүлөсүн багуу үчүн эмгек мигранты болуп талаалап кеткен. Бийлик реалдуу, калыс болушу керек. Эгер экс-президент макамын кайтарып берсе, баардык президенттерге кайтарып бериши керек. Бербесе эч кимге бербеш керек. Мыйзамдуулугун да караш керек да. Убактылуу Өкмөт өзүнүн декрети менен алып салган, аны кайра кайтарып ала албайсың. Акаев ошол учурда убагында кайрылышы керек болчу».

Эл өкүлү Исхак Масалиев Аскар Акаев эмне үчүн Жогорку Кеңешке кайрылганына түшүнбөй жатканын айтты. Анын себебин парламентте экс макам берүү деген нерсе жоктугу менен түшүндүрдү.

«Анын эмне үчүн Жогорку Кеңешке кайрылганын түшүнбөй жатам. Себеби Баш мыйзамда бир сөз менен айтылып кеткен экс-президент макамы мөөнөтү бүткөн президенттерге автоматтык түрдө берилет деп. Бирок биздин практикада келген президент кеткен президентке макам берип келет. Мисалы, Атамбаевге Жээнбеков берген, Жээнбековго экс-президент макамын Садыр Жапаров берген. Президент Жогорку Кеңеш карасын дептир, а мыйзамда андай нерсе жок. Аскар Акаев жаран катары каалаган жерге кайрылса болот. Ал президентке кайрылыш керек болчу “Мага экс-президентке тийешелүү колдоолорду көрсөтүп бериңиз»,-деп.

2005-жылы Акаев  башкарган бийлик элдин толкуну менен кетирилген болчу. Анын эч кандай зыяны жок деп жатат, кандайча зыяны жок. Алты кишинин атылып кеткенин унутуп калдыкпы? Канчалаган адамдар атылып, камалып кетти. Бир миллионго жакын адам качан эмгек миграциясына чыгып кеткен, экономика качан тоңуп калганын тез эле унутуп кеттикпи? Менчиктештирүү баары ошол кишинин убагында болгон, ошондуктан мамлекетти гүлдөткөн эмес. Ошондуктан ал кишиге ашыкча сый көрсөтүп, төргө өткөрүүгө каршымын».

Ал эми саясий серепчи Кубан Абдымендин пикиринде, Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс макамын кайтарып берет. Акаев макамды кайтарып алуу менен тарых алдында оң маанайда калууну каалайт.

«Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Ошол себептен президент да өз пикирин билдирди. Менин түшүнүгүм боюнча , президент Жапаров Акаевге экс-макамын берүүгө каршы эмес. Жогорку Кеңеште бул маселе каралып, талданып андан кийин добуш берет. Менимче, добуштун жыйынтыгы белгилүү макамды толугу менен кайтарып берүүсү ыктымал. Анын экс-президент деген макамын берүү өлкөдөгү саясий кырдаалга өтө таасирин тийгизбейт. Ал экс-президент макамын алуу менен тарыхта өлкөнү 15 жыл башкарганы менен оң маанайда калууну каалагандай. Ага макамдын кереги деле жок, болгону саясий кадам болуп жатат. Ал ансыз деле өлкөгө келип кете алат, буга чейин да бир канча жолу келип кеткен».

Экс-президент макамын алгандар кол тийбестикке ээ болот, мамлекеттик кайтарууга алынат, кызматтык унаа берилет, медициналык кызмат үй-бүлө мүчөлөрү акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле экс-президент макамды алган кишиге мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет. Жана башка кошумча артыкчылыктар каралаган.

Азыркы учурда Аскар Акаевге Кыргызстанга келип кетүүгө эч кандай тоскоолдук жок.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Ал 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM