Биз менен байланышыңыз

Нарында эт фестивалы өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 7 Сен 2024 | 1282 | 0

Бүгүн, 7-сентябрда Нарында биринчи жолу эт фестивалы өттү.

«Эт Fest» аталышындагы иш-чарада мейманканалардын ээлери жана шаар коноктору, туристтер үчүн эттен жасала турган тамактарды даярдоо боюнча мастер-класстар өтүп, коноктор эттен даам татышты.

Бул иш-чара NURP программасынын маалымат кампаниясынын алкагында Accelerate Prosperity акселератору тарабынан ишке ашырылып жатат.

Фестивалда белгилүү ашпозчу Данияр Токтосунов эттен кандай тамактар жасаларын көрсөтүп берди.

Фестивалдын алкагында туризм тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Нарын шаарында кантип бизнес кылса болот деген темада талкуу өттү.

Иш-чара туризм тармагындагы ишкерлер менен тыгыз иш алып барууга жана бизнесин өнүктүрүүгө инвестиция салууга багытталган туристтик акселерация программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

«Нарын жана Нарын облусунун туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар жана биз чын жүрөктөн ишенебиз, биздин фестиваль нарындыктардын жана иш-чаранын конокторунун көңүлүн туристтерди тартуу жана бизнес өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө бура алат. Иш-чаранын ийгиликтүүлүгү Нарындын кооздугу жана жаңы продуктыларды түзүү идеясын канча ишкерлер кабыл ала тургандыгынан көз каранды болот», — деп белгиледи Accelerate Prosperity акселераторунун байланыш боюнча менеджери Нурайым Рыскулова.

«Этfest» иш-чарасында курут, бал, эт азыктарынын көргөзмөсү да өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM