Биз менен байланышыңыз

«Ички каттамдарга билет арзандайбы?». Жаңы учак сатып алынды (сүрөт)

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 258 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак Кыргызстанга алып келинди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, учак жана тик учактардын алынышы жана мамлекеттик мекемелердин автоунааларынын жаңыланышы өлкө экономикасынын өскөнүнөн кабар бере турганын айтты.

Канаданын DeHavilland Aircraft of Canada компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү.

Учак кыска аралыкка учууларды эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдар үчүн ыңгайлуу экени айтылды.

«Манас» эл аралык аэропорту» башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдиргендей, жаңы учактын алгачкы рейси 28-сентябрга пландалган. Ал өлкө ичинде Ош, Баткен жана Жалал-Абад багыттары боюнча учат.

«Асман Эйрлайнс» жаңы туунду авиакомпаниясы 2023-жылы июлда түзүлгөн. Быйыл сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдар ачылары кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM