Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Талибан» кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыска кабар | 7 Сен 2024 | 160 | 0

Кыргызстан «Талибан» кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«ТИМ өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт.

Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргызстан Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM