Биз менен байланышыңыз

Президент Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлерин кабыл алды

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 174 | 0

Президент Садыр Жапаров 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ички иштер министрлерин кабыл алды.

Мамлекет башчы түрк өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканы чоң сыймык экенин белгилеп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча санариптештирүү багытында чогуу иш алып баруу зарылдыгын айтты.

Жапаров Кыргызстан ТМУнун алкагындагы көп кырдуу кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Кыргызстан бул уюмдун мамлекеттер аралык ынтымактын жана биримдиктин үлгүсү катары түптөлүшүнө кызыкдар. Ал ТМУнун ички иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алына турган Декларация өз-ара тыгыз байланышты бекемдеп, коопсуздук маселесин мындан ары дагы кошумча чыңдоого жакшы өбөлгө түзөт» , деди Садыр Жапаров.

Быйыл июлда Азербайжанда Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммити өткөн.

Ошондой эле быйыл октябрь айында Бишкекте аталган уюмдун саммитин өткөрүү пландалган.

Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия кирет. Байкоочу өлкө катары Венгрия жана Түркмөнстан бар.

Copyright © 2017 Maral FM