Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 47,3 млн сомдук алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 362 | 0

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектин ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга кайрылып, таанышы 1-май күнү Кытайдан унаасын кайра сатам деген шылтоо менен 47 миллион 303 миң сомун алып, изин жашырып кеткенин айткан.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, 34 жаштагы К.Ш. жана 35 жаштагы С.И. кармалды. Алардын башка дагы кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экени аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM