Биз менен байланышыңыз

Ички иштер органдарындагы 25 жетекчи тартиптик жазага тартылды

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 480 | 0

26-июлда ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи жарымында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын 25 жетекчиси тартиптик жазага тартылды. Анын ичинен бири кызматынан төмөндөтүү менен  бошотулду.

“Бир топ жетекчи кызматкерлердин ишмердүүлүгү 2024-жылдын 9 айынынын жыйынтыгына арналган отурумда каралат. Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди” , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM